PR МЕНЕДЖЕР КЕРЕК!
Барбол кондитердик фабрикасына имиджди көтөрө алган, күчтүү PR-компанияларды уюштурган жана командага дем берген креативдүү жетекчи адисин издейбиз .
______________
Милдети:
Компаниянын имиджин бекемдөө жана коомчулуктагы аброюн жогорулатуу;
Ийгиликтүү PR-кампанияларды пландоо жана ишке ашыруу;
Блогерлер, ЖМКлар, өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуу;
Компаниянын маалымат саясатын жүргүзүү;
Кызматкерлердин ички мотивациясын көтөрүүчү иш-чараларды уюштуруу;
Кризистик кырдаалдарда туура коммуникация жүргүзүү;
Айлык, кварталдык жана жылдык PR-стратегияны иштеп чыгуу.
______________
Талаптар:
Коммуникабелдүүлүк – блогерлер, ЖМК, өнөктөштөр жана кардарлар менен бат тил табышуу;
Репутацияны сезүү – ар бир сөз ишенимди бекемдей же алсырата аларын түшүнүү;
Креативдүүлүк – инфоповоддорду, акцияларды жана талкуу жарата турган идеяларды ойлоп табуу;
Эмпатия – аудиторияны сезе билүү, коомчулуктун муктаждыгын түшүнүү;
Ийкемдүү ой жүгүртүү – өзгөрүүлөргө тез адаптация болуу;
Коомдук сөз үчүн жоопкерчилик – так, текшерилген жана ойлонулган маалымат берүү;
Кризистик башкаруу жөндөмү – негативди туура жана профессионалдуу иштетүү;
Системалуулук жана пландоо – PR ишмердүүлүгүн стратегиялык негизде жүргүзүү.
Шарттары:
• Ынтымактуу, бири-бирин колдогон, жардамга дайым даяр жамаатта иштейсиз;
• Кызыктуу, активдүү эс-алууларга, спорттук иш-чараларга катышууга болот;
• Эмгегиңизге жараша жана убагында төлөнүүчү айлык-акы аласыз;
• Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык иштөө;
• Жаңы кесипке ээ болууга мүмкүнчулүгүңүз болот (коюлган талаптарга жооп берсеңиз, бул кесипке өзүбүз окутуп үйрөтөбүз);
• Компаниянын ички окуу борборунда инструктордун көзөмөлүндө билим деңгээлиңизди жогорулатып тура аласыз;
• Өзүңүздү көрсөтө алсаңыз, жетекчилик кызматтарга өсө аласыз;
• Компаниянын эсебинен акысыз түшкү тамактануу берилет;
• Акысыз уюлдук байланыш менен камсыздайбыз;
• Намаздарды калтырбай окууга намазкана бар.
• 0553 02 02 15 Whatsapp; 0770 33 22 15 hr.barbol@gmail.com